Улут болсом, тилим менен улутмун!

Улут болсом, тилим менен улутмун!

Кыргыз тили декадасы боюнча кыскача баяндама Декада 19-30 сентябрь аралыгында болуп өттү. Иш-чаранын алкагында ачык сабактар өтүлүп, конкурстар уюштурулду. Ачык сабактар негизинен башталгыч класста өтүлүп, жогорку класстын окуучулары берилген темалар боюнча презентация даярдап көрсөтүштү. Мындан сырткары башталгыч жана ортоңку класстын окуучулары жомокторду, аңгемелерди сахналаштырышты. 10-11- класстар "Манас" эпосу боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, бет ачар уюштурушту. Окуучулар " Манастын төрөлүшү" эпизодун да сахнага алып чыгышты. Бул декадага окуучулар чыгармачылык менен мамиле жасашты. Өз өнөрүн, талантын, шыгын көрсөтө алышты. Белгилей кетсек, 8,11- класстын окуучулары айрыкча активдүү катышты. Дубал газеталар боюнча конкурста Маткасымова Асемай жекече сүрөт тартып, өз талантын көрсөттү. Окуучуларды китеп дүйнөсү менен тааныштыруу жана китеп окууга көнүктүрүү максатында шаардык Алыкул Осмонов атындагы китепкананын кызматкери чакырылды. Ал өз презентациясында китепкана тууралуу айтып берди жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, өмүр жолу менен тааныштырды. Окуучулар болсо өз кезегинде акындын ырларынан окуп беришип, "Ак кайың" ырын угуп, бийин да аткарышты. Декада окуучулардын талантын, шыгын, чыгармачылыгын ачыктоого көмөк болду.

Related Articles

Славный и могучий русский язык!

Мир науки

Здравствуй,Сальсабиль!